Бюджеттен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине керектүү делген каражаттардын 46 пайызы гана бөлүнөт. Муну бүгүн, 10-мартта маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, быйыл аталган министрликке 1 миллиард 900 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүндү.
“Бул акчалардын эсебинен кызматкерлердин айлык акысы бир нече ирет көтөрүлдү. Мурда 2-2,5 миң сом алып иштеп келгендер 7-8 миң сом алып калышты. Буга чейин биздин министрликке 1 миллиард 200-300 миллион сом бөлүнүп келген. Бул сумма биздин керектөөбүздүн 39 пайызын гана түзчү. Бюджетти сарамжалдуу колдонобуз деп биздин кызматкерлердин иш сапарлап иштегени боюнча бир топ беренелерин кыскарттык. Жогорку Кеңеште болсо кызматтык техникаларды кыскартуу керектигин айтышууда, менин оюмча, бул нерсени бардык министрликтерде бирдей жүргүзүүгө болбой турган нерсе. Анткени биздин кызматкерлер 365 күндүн жок дегенде 250-300 күнүн иш сапарда өткөрүшөт. Анан буларга толук кандуу иштөөгө техника, күйүүчү май жана башка шарттарды түзүп бербесек кандай кызматкер иштейт?”- деди Боронов.