7 жылдан бери адам өлтүрүүгө шектүү катары эл аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 10-март күнү УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2009-жылдан бери УКМКнын кызматкери М.Гороховду өлтүрүүгө шектелген 39 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Б.А. эл аралык издөөдө жүргөн. Буга чейин кармалган адамга карата кылмыш иши козголгондуктан, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.