Кыргыз жергесиндеги 11 нейрохирургия бөлүмүнүн бирөөсү дагы замандын талаптарына төп келген стандарттарга жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо секторун жетиштүү деңгээлде каржылабаганга байланыштуу нейрохирургия кызматынын инфраструктурасы 20-25 жылдан бери жаңылана элек.
“Учурда Кыргыз Республикасынын нейрохирургия кызматы элге сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү медициналык жардам берүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө”,- деди министр.
Айта кетсек, эки тараптуу жолугушууда кыргыз жергесиндеги Улуттук госпиталда нейрохирургиялык борбор куруу жана аны тиешелүү жабдыктар менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кувейттик делегациянын өкүлдөрү бул долбоорду ишке ашырууга көмөктөшөрүн билдирип, жаңы борбор курулгандан кийин эки мамлекеттин достугун даңазалаган монумент куруу сунушун киргизишти.