АФКнын президентинин кубогунда “Дордой” атаандаштарын тапты

Футбол боюнча 2012-жылы Кыргызстандын чемпиону аталган бишкектик “Дордой” АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) президентинин кубогунун тандап алуу оюндарында атаандаштарын тапты. 19-мартта чүчүкулак ташталып, тандап алуу оюндарына катышуучу 12 команда 3 тайпага жайгаштырылды. 2-12-май аралыгында Филиппин өлкөсүндө өтүүчү мелдеште “Дордой” “В” тайпасында ойнойт. Эскерте кетсек, АФКнын президентинин кубогу жыл сайын клубдар арасында өткөрүлүүчү мелдеш. Ага Азиянын аймагында футболдук өнүгүшү боюнча артта калган өлкөлөрдүн чемпиондору катышат. Бишкектик “Дордой” бул мелдешти буга чейин 2 ирет утуп (2006, 2007), 4 ирет финалына чыгып уттуруп койгон (2005, 2008, 2009, 2010). Тандап алуу оюндарына катышуучу 12 команда төмөнкү тартипте 3 тайпага бөлүнгөн:

 

“А” тайпасы:

Непал өлкөсүнүн чемпиону (азырынча аныктала элек) 

“Тайвань Пауэр Компани” (Кытай)

“Эрчим” (Монголия) “Абахани” (Бангладеш) 

 

“В” тайпасы:

“Глобал” (Филиппин)

"Дордой" (Кыргызстан)

КРЛ (Пакистан) “Йездин” (Бутан) 

 

“С” тайпасы:

“Боенг Кет” (Камбоджа)

“Хиляль Аль-Кудс” (Палестина)

“Балкан" (Түркмөнстан)

“СКА” (Шри-Ланка)  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан