Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 40 жаштагы А.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал соода борборлорунун биринен бейтааныш адам анын ишенимине кирүү менен "Айфон 6" үлгүсүндөгү уюлдук телефон деп 55 990 сомго ошол эле "Айфондун" эски үлгүсүндөгү телефонун сатып жибергенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 27 жаштагы
Р.И. аттуу тургуну кармалып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.