Өлкө аймагында былтыр 4015 өрт кырсыгы катталган, алардын жетөөсү ири өрт болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөргөн маалымат жыйында белгилүү болду.
Маалым болгондой, тилсиз жоо 48 адамдын өмүрүн алып кеткен, алардын арасында 4 жаш бала бар. Ошондой эле өрттөн 58 адам жабыркап, анын ичинен 8 жаш баланын жана 116 кишинин өмүрү сакталган. Өрттүн кесепетинен 302 миллион 171 243 сомго материалдык чыгым келтирилген. Былтыр бул көрсөткүч 361 миллион 664 232 сомду түзгөн.