Токмокто акча талап кылып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 10-март күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 18-февраль күнү белгисиз адам саат 17:00 чамасында аты Болот экенин айтып, Токмок мэриясынын ичинен мэрия кызматкерин чыгарып кеткен. Ал кызматкерди белгисиз адамдар күч колдонуу менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаага отургузуп, тоо тарапка алып барышкан. Ал жерде 3 саат коркутуу- үркүтүү менен кармашып, 10 миң доллар акча талап кылышкан. Аны бир туугандарына телефон чалдыртып акча алып келип берүүсүн айттырышкан. Ошол замат анын баласы 10 миң сом алып келип берип, "калганын кийин беребиз" деп айтуу менен атасын алып кеткен. Кылмышка шектүүлөр бул окуядан кийин да акча талап кылып, телефон чала беришкен. Бул боюнча жабырлануучу күч органдарына кайрылган.
5-март күнү Бишкектин Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен калган акча каражатын берип жаткан маалда кылмышка шектүү эки адам кармалган. ИИМдин маалыматы боюнча, кармалгандардын бирөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.