Чүй облусундагы Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын таштанды төгө турган жайы мыйзамсыз иштеп жатат. Бул туурасында Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын бүгүнкү, 10-марттагы текшерүүсүнөн соң маалым болгонун аталган инспекция кабарлады.
Ал жай санитардык-экологиялык талаптарга жооп бербейт жана чети тосулган эмес. Мындан улам жарандардын ден соолугуна залал келтирилип жатканы белгиленүүдө. Ошондой эле андан он метр аралыкта уран калдыктарын сактоочу жай жайгашканы маалым болду. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү бийлиги жерди жеке ишканага өтүп кеткенин айтып, бул ишти жөндөй албай жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, аталган акыр-чикир төгүлүүчү жай 2009-жылы "Кара-Балта тоо-кен" ишканасына өтүп кеткен. Ага чейин муниципалдык мекемеге таандык болгон. Таштанды жай учурда 21 гектар жерге жайылып, көлөмү 522 миң куб метрден ашат.
"Инспекциянын адистери жер ээлерине апрелге чейин убакыт берип, таштанды жайында экологиялык нормалардын сакталышын камсыздоо боюнча эскертмелерди берди. Эгер талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Кара-Балта шаары боюнча аймактык башкармалыгынын адистери баса белгилешет",- деп айтылат маалыматта.