Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик өрт өчүрүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына Нидерланды Падышалыгынан гуманитардык жардам берилди

Мамлекеттик өрт өчүрүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына Нидерланды Падышалыгынан гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан 10-мартта кабарлашты.

Мамлекеттик өрт өчүрүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгында Нидерланды Падышалыгынын "Чеги жок өрт өчүрүүчүлөр" коомдук фондунан гуманитардык жардамды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы өттү. Гуманитардык жардам эки тараптын түзүлгөн келишиминин алкагында берилди. Кысылган аба үчүн баллондор, шымдар, жакеттер, бет каптар, шлемдер, бут кийимдер, комбинезондор, дем алдыруучу аппараттар, кол каптар берилди. Андан тышкары 4 куту кам тетиктер, түтүндү иштетүүчү 6х5 литр суюктук, 19 түтүндөн сактоочу кап, 8 форсунка, өрт өчүрүүчү шлангга илмек жана компрессор да бар.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам Бишкектин №2, 7 жана 28-аскерлешкен бөлүктөрүнө жеткирилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2016-03-11 00:33:13
аяз аяз атадан белек алгансып,жыргап эле калышкан экен.
+4
briliant87
2016-03-11 08:01:03
Ар кимдин эскилерини алып суйунуп олтурабербей,силерда башкаларга гуманитардык жардам корсоткулочу,адамды уят эле кылабербей.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан