10-мартта түндө Өкмөт үйүндөгү бөлмөдөн өрт тутанды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн тутанышына электр зымдарындагы чыңалуу себеп болушу мүмкүн. Бөлмөнү түтүн каптап, окуя болгон жерге Өрт өчүрүү кызматы келген. Кырсыктын кесепети өтө чоң эместиги маалымдалды. Жабыркагандар жок.
Эскерте кетсек, жакында УКМКнын имаратынан да өрт чыккан.