Жол эрежелерин уруп ойнобогон бишкектик айдоочулар

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек шаарында жыл санап жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Буга адистер айдоочулук күбөлүктү сатып алуу, жол жүрүү эрежелерин көзгө илбөө, мас абалында унаа айдоо сыяктуу ондогон себептерди мисал кылышып, муну токтотуу кыйын болуп жатканын айтып келишет. Кырсыктарга жол ачкан дагы бир көрүнүш - шаар көчөлөрүндөгү баш аламан токтотулган унаалар. Аялдаманын алдын ээлеп тизилген жеңил унаалардан улам коомдук унаалар жолдун ортосуна токтоп, жүргүнчү алып жүргөнү да маалым. Ал эми көчөнүн каалаган жерине унаасын токтото калып басып кеткендер да өзүнчө сөз. Төмөнкү сүрөттөрдө шаардагы айрым көчөлөр менен аялдамалардын көрүнүшү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан