Нарын облусунда мас айдоочунун айынан 2 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды

Нарын облусунда мас айдоочунун айынан 2 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 222-чакырымында Семиз-Бел айылында болгон. Анда Ниссан Сони үлгүсүндөгү унааны башкарган мас айдоочу жолдон чыгып кеткен. Алдында келе жаткан Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаа андан качуу аракетин көрүп бакты сүзүп алган. Натыйжада Мерседес Спринтер унаасынын 2 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми Ниссан Сони унаасынын мас айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Udubai79
2016-03-11 11:04:12
Бул Семиз-Бел айылы Кочкор районундагы айыл. Ушул жерде кырсык коп катталат, МАИ кызматы козомолду кучотуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан