10-мартта Жалал-Абад шаарында "Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок" аталышында форум өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, иш-чара экстремизмдин жана терроризмдин, өспүрүмдөргө жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Иш-чараны өткөрүү ИИМ тарабынан демилгеленип, ага министр Мелис Турганбаев жана өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева катышты.
Форумдун алкагында экстремисттик уюмдарга азгырылып кеткен жарандар жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук боюнча тасма көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында район, шаардык ички иштер бөлүмдөрү аткарган иштерин сүрөт көргөзмө аркылуу көрсөтүп атайын даярдалган видеосюжеттер коюлду.
"Форумдун негизги максаты – экстремизм жана терроризмдин, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын ортосундагы иш-аракеттерди күчөтүү менен биргеликте натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу",- деп айтылат маалыматта.