2016-жыл - Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекция тарабынан республикалык акция уюштурулуп, өз ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган дирекциянын жетекчиси Султан Раев билдирди.
Анын айтымында, дирекция аталган демилгени көтөрүү менен стратегиялык жолдордун боюндагы инфраструктураны жакшыртуу, жол боюна ажатканаларды орнотууну пландап жатат. "Биз азыр өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, райондук акимчиликтерге, мамлекеттик жана башка органдарга кат жөнөтүп жатабыз. Колдоого алынса, албетте, бир катар жолдордун боюна 100 чакырым сайын коомдук ажатканаларды орнотобуз. Бул үчүн айыл өкмөттөрү жер бөлүп, эл чогулуп, аз убакытта сапаттуу ажаткана салып койсо болот. Ошондой эле ишкерлер да четте карап турбай, бул демилгени колдошот деп ишенем",- дейт С.Раев.
Кошумчалай кетсек, тиешелүү жумуштар апрель айына чейин башталат. Акция алкагында Бишкек - Балыкчы - Торугарт унаа жолунун боюна, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги унаа жолунун боюна, Бишкек - Ош - Эркеч-Там, Ош - Баткен - Исфана унаа жолдорунун боюна ажатканаларды орнотуу пландалууда.