Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда короодо жыйылган 350 түк чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна 9 жаштагы баланын от менен ойногону себеп болгон.