Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин маалыматына таянсак, учурда Кыргызстан менен Кытай өлкөсү жер семирткич чыгаруучу завод куруу жөнүндө сүйлөшүүдө. 25-мартта маалымат жыйынын өткөргөн министр аталган ишкананын курулушунун өйдө-ылдыйы тууралуу айтып берди. “Долбоордун бюджети 350-380 миллион долларды түзөт. Эгерде 2 тарап келишип калса, анда кытай инвесторлору быйыл курулуш ишин баштоого даяр”,- деди ал. Жазгы талаа иштерине карата азоттуу жер семирткич Кыргызстанда жетишсиз болуп жатканы да айтылды. Башкача айтканда, өлкө боюнча 200 миң тонна аталган каражаттын учурда 30 миң тоннасы гана бар.