Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Бишкекте "эсептик документтерди оңдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын ыйгарып алган" деген шек менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 11-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган агенттикте коррупцияга каршы текшерүү жүргөн. Анда 2012-жылдын декабрь айында жана 2015-жылдын май-июнь айларында агенттиктин жогорку кызмат адамдары эсептик документтерди оңдоо жолу менен 1 миллион 375 миң сом акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган.

Бул факт боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” жана “кызматтык жасалмалык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dimonbek
2016-03-11 15:49:48
Ошондо жанакы Алясбектин да тиешеси барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан