Бишкек шаарында мас абалдагы адамды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 10-март күнү саат 23:38 чамасында Элебесов жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда 30 жаштагы мас абалдагы жаранды унаа сүзүп кеткен. Ал ар түрдүү жаракаттарды алып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.