Өлкөдө өнөр жайдагы жана курулуштагы өндүрүштүн азайышына байланыштуу ички дүң продукциянын көлөмү төмөндөдү

2016-жылдын алгачкы эки айында ички дүң продукция алдын ала баалоо боюнча 49 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Азамат Оросбаев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырганда 7,8 пайызга азайды. Ошону менен бирге ИДПнын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана курулуштагы өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы таасирин тийгизди.

Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь-февраль айларындагы ички дүң продукциянын көлөмү 0,1 пайызга азайып, 45 миллиард сомдон ашты.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айындагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 6 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу үчтөн биринен көбүрөөк төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көлөмдө түшүшү баалуу металл өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды”,- деди Оросбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан