Акыркы кезде КМШ өлкөлөрүндөгү ийгиликтүү иштелип чыккан программаларды Батыштын чоң компаниялары сатып алып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чыгууда. Мисалы, "Facebook" компаниясы беларустук программисттер тарабынан иштелип чыккан MSQRD программасын сатып алды. Бул тууралуу "Rusbase.com" сайты кечээ, 10-мартта жазып чыкты.
Анын өзгөчөлүгү - анда виртуалдуу бет каптар жайгашкан. Видеочарт түзүлүшүндөгү виртуалдуу сүрөттөр аркылуу колдонуучу көрүнүшүн өзгөртүп, белгилүү адамга, жаныбарга же кайсы бир баатырга "айлануусу" мүмкүн болот. Күлкүлүү программа дүйнөдө жүздөгөн күйөрмандарын тапты. Жадакалса алып баруучу Жимми Киммел өзүнүн шоусунда бул ыкманы колдонуп, Леонардо Ди Каприонун бет кабын кийген. Долбоордун баасы ачык айтылбаганы менен, эксперттер аны 10 миллион долларга баалашууда.
Ал эми MSQRD программасынын түзүүчүлөрү Евгений Невгень, Сергей Гончар жана Евгений Затепякин Facebook`тун Лондондогу кеңсесине барып иштешери белгилүү болду.