Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 10-март күнү саат 23:32 чамасында Туңгуч кичи районунун аймагында Горький көчөсүндө орун алган. Анда жол кырсыгынын кесепетинен 21 жана 23 жаштагы эки адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге келген "Тез жардамдын" кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүп, 21 жаштагы жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал эми 23 жаштагы жаран ооруканага баруудан баш тарткан.