Борбор калаада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 5-март күнү саат 06:30 чамасында Кулиев көчөсүндө болгон. Анда Тойота Чайзер үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу түштүк тарапты көздөй баратканда жолдон өтүп бараткан 20-25 жаштар чамасындагы кызды сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 37 жаштагы мурда 3 жолу соттолгон Улан Т. аттуу жаран кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ленин райондук соттун чечими менен кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.