23-март күнү Лондон шаарында белгилүү орусиялык олигарх Борис Березовский 68 жаш курагында каза болду. Ишкердин жансыз денесин өз үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн анын жан сакчысы тапкан. Олигархтын өлүмү боюнча ар кандай маалыматтар айтылууда. Анын досу Николай Глушков Березовскийди моюн орогуч менен муунтуп өлтүрүшкөн десе, адвокат Александр Добровинский ал өзүн-өзү өлтүрдү деген оюн айткан, ал эми Лондон полициясы Березовскийдин өлүмүндө эч кандай 3-жактарды көрбөгөндүктөрүн билдирген. Анын сөөгү бүгүн, 25-мартта соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн соң гана эмнеден улам каза болгону жарыяланат. Белгилей кетсек, Березовский акыркы 10 жылдан бери Лондондо жашап жүргөн. Ага Орусияда бир катар экономикалык кылмыштар боюнча айыптар тагылып, сыртынан соттолгон. Олигарх Орусия бийлигин дайыма сынга алып, өз өлкөсүндөгү оппозициялык саясатчыларды каржылап келген. Олигарх каза болгондон кийин гана эки ай илгери Орусия президенти Владимир Путинге кечирим берүүнү сурап кат менен кайрылгандыгы, акыркы убакта мекенине кайтууну абдан каалап жүргөнү айтылды.