Кара-Кулжада 6-март күнү кароосуз калган имаратка наристесин таштап кеткен аял баласын таап алган киши экөө алдын ала сүйлөшүп алып ушул ишке баргандыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, 10-март күнү “наристесин кароосуз калган эски устаканага таштаган” деген шек менен 28 жаштагы Ноокат районунун тургуну кармалган. Кармалган келин сурак учурунда “баланы таап алган адам менен алдын ала сүйлөшүп алып, анан ушул ишке баргам” деп билдирген. Ал эми баланы таап алган киши наристенин документтерин ырастап, өзүнө жаздырып алуу үчүн “таап алдым” деп тиешелүү мекемелерге билдиргени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө улантылып, териштирүү иштери жүрүүдө.