Борбор калаада зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 10-март күнү саат 14:00 чамасында Жибек-Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн биринен чала тааныш жигит күч колдонуу менен аны зордуктаганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары А.У. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюна иликтөө иштери жүрүүдө.