Бишкек шаарында тоноочулук фактысына шектелген кыздар кармалышты

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен саат 20:00 чамасында болжол менен 20-25 жаштагы эки кыз күч колдонуу менен уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы С.А. жана 27 жаштагы М.А. аттуу шаар тургундары кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tursunai98
2016-03-11 13:17:50
ай азамат кыздар экенда бул эки кыз
0
BARSBEK.KG
2016-03-11 13:24:14
Мына сага
0
Ebik
2016-03-11 13:49:57
Буларды еми кимдин адамдары деп есептейбиз
0
lolo.1
2016-03-11 15:36:48
Эми не болду ошо телефонду алды?кайсы бутпогон иши бутот ошо телефондун акчасына?мынча оюнар кыска арканды узуууууууууун таштагылачы кыздар,акыркы убакта аял уурдады аял тоноп кетти деген жанылык кобойуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан