Бишкектеги "Ош базарына" жумуш издеп келип, сойкуканага туш болгон кыз учурда камакта жатат. Ал "Ош базарына" жумуш издеп барып, жарыялардын бирине телефон чалган. "Жумуш берүүчүлөр" аны Совет жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине чакырышып, сойкулук менен алектенүүнү сунушташкан. Ал көнбөй койгондо аны бир бөлмөгө камап салышкан.
Ал ошол түнү саат төрттө үйдөн качып чыккан. Шашып качып баратып өз бут кийимин таба албаган кыз босогодо бутуна илинген бут кийимди кийип чыга берген. Көп өтпөй милиция анын изине түшүп, "5 миң сомго бааланган бут кийимди уурдады" деген шек менен кармаган. 6-февралда сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Акыйкатчы институту ички иштер министри Мелис Турганбаевдин атына кат жолдоп, бул ишти көзөмөлдөөнү суранган. Буга катар институттун кызматкерлери №1-тергөө абагында жаткан кызга жолугуп кайтышкан.
Учурда иликтөө иштери уланууда.