Баткен облусунда акыркы 3 жылда 11 мектеп салынып, учурда 27 билим берүү мекемеси курулууда. Бул тууралуу 11-мартта өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Жеңиш Разаков билдирип, 1980-1990-жылдары Баткен облусунда бир гана мектеп пайдаланууга берилгенин белгиледи.
“Акыркы 3-4 жылда Баткен облусунда 42 бала бакча, 24 спорттук аянтча жана спортзал, ошондой эле 31 ФАП курулду. Алар жергиликтүү бюджеттин, эл аралык донорлордун жана демөөрчүлөрдүн эсебинен салынды. Баткен облусунда учурда 234 мектеп бар. 2010-2011-жылдары өткөрүлгөн текшерүүлөргө ылайык, алардын 10 пайызында гана бардык шарттар түзүлгөн”,- деди Разаков.