Аба ырайынын жылуу болушуна байланыштуу Баткен облусунда жазгы талаа иштери 2,5 жумага эрте башталып, 64 365 гектар аянтка эгин айдалары күтүлүүдө

Аба ырайынын жылуу болушуна байланыштуу быйыл Баткен облусунда жазгы талаа иштери 2,5 жумага эрте башталды. Муну бүгүн, 11-мартта аталган облус боюнча өкмөттүн атайын ыйгарым өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, айыл чарба техникаларына учурда муктаждык жок.

25-февралда биз атайын жыйын өткөрүп, анда жазгы талаа иштери боюнча жумуштарды талкууладык. Анын жыйынтыгында айыл чарба техникалары 75 пайызга даяр болгону белгиленди. Былтыркы жылдын эсебинен донордук структуралар аркылуу кошумча 42 айыл чарба техникаларын алганбыз. Советтер Союзунан калган жана жаңы техникалардын эсебинен бизде эч кандай муктаждык болбойт.

Жалпы айдоо иштери башталган, 64 365 гектар аянтка эгин айдалары күтүлүүдө. Анын ичинен 6100 гектарга күздүк кылкандуу дан эгилмекчи, 34 600 гектар айдоо жерге жаздык буудай, арпа, жүгөрү, буурчак жана башка өсүмдүктөр эгилет. Ал эми калган 23 миң гектар аянтка май өсүмдүктөрү, картошка, жашылча, бакча жана тоют өсүмдүктөрүн эгүү пландаштырылды”,- деди Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан