Баткен күрүчүн Орусияга экспорттоо пландалууда

Баткен күрүчүн Орусияга экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу 11-мартта өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Жеңиш Разаков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул үчүн күрүчтүн көлөмүн көбөйтүү керек.

“Бир жылда облуста болжол менен 35 миң тонна күрүч өстүрүлөт. Анын 35 пайызы ички колдонууга кетет. 15 пайызын коңшу мамлекеттин ишкерлери алып кетишет. Жыйынтыгында экспортко чыгарылчу күрүчтүн көлөмү өтө аз болууда, себеби инвесторлор 100 миң тоннадан аз эмес көлөм менен иш жүргүзүшөрүн билдиришти. Бирок күрүчкө келгенде алар 20 миң тоннадан аз эмес көлөмгө макул болушту. Күрүчтү чыгарууну өстүрүп алсак, биринчи баскычта Орусияга, анан ЕАЭБ өлкөлөрүн ойлой баштасак болчудай”,- деди Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karakchyyy
2016-03-11 16:14:43
Аябай сонун болмок орусияда сапатсыз жыты бар куручтордон тажадым биздин куручку жетпейт эч бири
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан