"Бишкекте бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Айжан Суранбекова жана анын курбусу Мээрим Мырзабекова аман-соо экенин билебиз, бирок байланышка чыгыша элек". Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына шаар тургуну Алина Жыргалбекова билдирди.
"Айжан менен Мээрим борбордогу батирлердин биринде аман-соо эле отурат деген божомолубуз бар. Алар дайынсыз болуп кеткендиги тууралуу билдирүү массалык маалымат каражаттарына тарагандан кийин байланышка чыккандан коркуп жатышат окшойт. Кыздар туугандарына же жакын досторуна байланышка чыгыша элек",- деди А.Жыргалбекова.
Айта кетсек, буга чейин кыздар окуусуна, курбу-досторунукуна да барбагандыгы айтылган. Кыздардын туугандары 8-март күнү аларды шаардагы сайрандоочу жайлардан да издешкен, бирок бул аракеттер натыйжасыз болгон. Бул эки кыздын туугандары эгер кыздар үйлөрүнө кайтып келүүдөн коркуп жатышса, "аман-сообуз" деп чалып коюуну өтүнүшөт. Кыздарды көрүп-билгендер 102 же (0779) 61-80-62, (0778) 31-62-64 номурлары аркылуу байланышса болот.