Өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын 72-75 пайызы эски, алардын көпчүлүгү 30-40 жылдан бери колдонулуп келе жатат. Бул маалыматты бүгүн, 25-мартта Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев маалымат жыйында билдирди. Айтымында, бүгүнкү күндө түрк насыясынын эсебинен республикага 225 даана техника алынып келинип, учурда дыйкандарга 67 техника пайдаланууга берилди.