Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы К.Т. аттуу аял кайрылган. Ал чала тааныш кызы анын үйүнөн 800 долларын, 23 950 сомго бааланган алтын буюмдарын жана кийим-кечелерин уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Р.Р. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.