Чүй облусунун Кыз-Молдо айылындагы арыктардын биринен 1 килограммдан ашуун баңгизат табылды. Бул тууралуу 11-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-март күнү саат 18:30 чамасында аталган айылдагы арыктын ичинде жасалган жашыруун жерден баштыкка оролгон 1 килограммдан ашуун баңгизат табылган. Иликтөө иштеринин алкагында баңгизат учурда убактылуу кармоочу жайда камакта отурган 42 жаштагы Романов айылынын Н.С. аттуу тургунуна таандык экени аныкталган. Аталган жаран баңгизат аныкы экенин моюнуна алып, аны өзү колдоно турганын айткан. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.