"Атамдын өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине бир эмес, бир нече кылмыш иши козголушу керек". Бул тууралуу "пара менен кармалып жатканда каза болду" делген Абдыкерим Гапаровдун уулу Адылбек Гапаров SUPER.KG'ге билдирди.
"Атам А.Гапаровдун өлүмү боюнча жоопко тартылып жаткан УКМКнын кызматкерлерине карата "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренеси менен иш козголгонун интернет булактарынан окудум. Бирок ал жерде бир гана ошол берене менен эмес, бир нече берене менен кылмыш иши козголушу керек болчу. Ал жерде көптөгөн мыйзам бузуулар болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, атамдын денесинен көк ала тактар табылган. Ал ишке катыштыгы бар кызматкерлер азыр өздөрүн актоо үчүн чуркап жүргөндөрүн билем. Эгер менин атам чынында эле пара алган болсо, алардын далилдери болушу керек. Далил жок болсо, аман-эсен жүргөн адамды өлүмгө жеткиргендер жоопко тартылышы керек", - деди А.Гапаров.
Айта кетсек, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен жүрөгү токтоп калып каза болгон" деп билдирген.