Бразилияда пингвин аны куткарып калган адамга жолугуу үчүн жыл сайын 8 миң чакырымды сүзүп өтөт

Жыл сайын пингвин аны куткарып калган адамга жолугуу үчүн 8 миң чакырымды сүзүп өтөт. Бул тууралуу британдык "Дейли Мейл" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, 5 жыл мурун кум жээгинде ачка, алсыз жаткан пингвинди бразилиялык пенсионер таап алган. Аны бир жума багып, пингвинге Диндим деген ысым берген соң кайра деңизге коё берген. Пенсионер аны кайра көрөм деп ойлобогонун, бирок Диндим бир нече айдан кийин ошол эле кум жээкке келип, куткаруучусун таанып, аны ээрчип үйгө чейин келгенин айтат. Ошондон бери ал Аргентина менен Чилинин жээктерине көбөйүү маалында 4 айга гана сүзүп кетип, калган 8 айды куткаруучусу менен өткөрөт.

Пингвин куткаруучусуна жолугуу үчүн жыл сайын келет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Marles_44
2016-03-11 17:06:02
Жаныбар даны Жакшылык билет
+15
aikokul14
2016-03-11 17:17:52
Айбан болсо дагы,жакшылык кылган адамын унутпай жургонун кара,кээ бир адамдар бар,тузуну жеп,тузуна сийеин болушат.
+13
tashi62
2016-03-11 18:38:09
Таң калычтуу
+6
kobra86
2016-03-11 19:17:56
Алланын кудуретин кара
+7
yrchy_jigit
2016-03-11 19:18:17
Адамдар да ушундай болсо,жакшылыкты унутпаган...
+8
Inna_91
2016-03-11 19:54:04
Жаныбар да билет жакшы адамды ит дагы жакшы адамдын уйуно бара берет жугунду калган катыган нан берсе
+5
al-abu-kinesz
2016-03-11 22:34:31
Ниичего себе!!! Адамдарга улгу болчу пингвин экен го!!! Ушундай да болот экен ээ ай???!
+6
Aikoo2014
2016-03-12 03:30:27
Пингвинди жакшы коруп кеттим чын. Бир тараптан тан калычтуу, куткаруучусу учун кайра келгенин. Тооба!
+1
karasuu
2016-03-12 05:28:37
иии журогум ээрип кетти :))
0
briliant87
2016-03-12 09:37:04
Ана сага.
0
Zubi91
2016-03-14 11:44:37
Биз адам баласы сабак ала турган кабар экен,пингивин жакшылыкты билет экен адам баласы азыркы заманда жакшылыкты билишпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан