Бишкекте тоноо фактысына шектелген 2 жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы Т.М. кайрылган. Ал саат 10:00 чамасында Чүй жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинен эки белгисиз жаран күч колдонуу менен 1,5 миң сом акчасын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Б.А. жана 28 жаштагы С.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан