Жылнаама, 12-март: Мындан 5 жыл мурун Япониядагы зилзаланын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн жарандарын мекенине эвакуациялоо иш-чаралары башталган

* Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы Япониядагы зилзаланын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн жарандарын мекенине эвакуациялоо иш-чаралары башталган. 18-мартта түнкү саат 12ге чукул Кыргыз Республикасынын учагы зилзаладан жана топон суудан жабыркаган Японияда окуп жана иштеп жүргөн 90 жараныбызды алып келген. Ага чейин, тагыраак айтканда, 15-мартта да Казакстандын учагы аркылуу Япониядан 21 кыргыз атуулу кайткан.

* Мындан 34 жыл мурун, 1982-жылы орусиялык ырчы Алексей Чумаков Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. Ал 11 жашынан тартып өзү жазган ырларды ырдап сахнага чыга баштаган. Өзүнүн эң алгачкы ыры менен Алексей Чумаков Самаркандда өткөн "Утренняя звезда" сынагына катышып, биринчиликти алган. Бүткүл Орусияга ырчынын атагы 2003-жылы "Народный артист" долбооруна катышып, 3-орунду ээлегенден кийин тараган. Ошондон тартып көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал "Эти чёрные глаза", "Параллельно", "Было и будет", "Необыкновенная", "Тут и там", "Если ты меня разлюбишь" сыяктуу хит ырлардын автору жана аткаруучусу.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы популярдуу рейтингдерди түзгөн “Forbes” басылмасы канадалык ырчы Жастин Биберди орунсуз кылыктары үчүн ММКлардын көңүлүн бурдурган атактуулардын алдынкы сабына койгон. Жастин Бибер апта сайын түрдүү кылыктары менен ММКлардын торуна илинип келген. Мисалы, бир ирет мас абалында унаа айдап баратып кармалса, бир ирет полиция кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алышкан. Андан тышкары "баңгизатын сактап жүрөт" деген кеп тараганы маалым.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Жириновский орус алфавитинен "Ы" тамгасын алып салууну сунуштаган. Жириновский: “Бул түрү суук тамганы жоготуш керек. Азиаттарга таандык тамга, ушул тамга үчүн бизди Европада сүйүшпөйт”,- деп айтуу менен "Ы" тамгасы орус тилине монгол тилинен келип кошулганын билдирген.

12-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2016-03-14 14:52:02
radyakiz, Abdyrashit.Satylganov,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан