Борбор калаада 38 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам
иш-аракеттердин алкагында Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен 38 жаштагы К.С. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда жарандын күрмөсүнүн оң чөнтөгүнөн баңгизат табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.