АКШ менен Бразилиядан жыл сайын Кыргызстанга 80 миң тонна эт алынып келинет. Бул маалыматты ЖКдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин 25-марттагы жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиев айтты. "Чет жерден алынып келген эттердин 88 пайызы канаттуунун эти, андан кийинки орунда чочконун эти турат. Өлкөгө эт алып келүүдөгү кошумча нарк салыгынан бюджетке 450 миллион сом түшөт”,- деди Сыдыгалиев.