Париждеги лицейде теракт боюнча ызы-чуу психикалык жактан оорукчан адамдын айынан чыкканы аныкталды

Бүгүн, 11-мартта Франциянын борбору Париж шаарынын аймагында террорчулардын жергиликтүү лицейлердин бирин басып алуусу тууралуу жалган маалыматты психикалык жактан оорукчан адам айтканы белгилүү болду.

Чет өлкөлүк басылмалар билдиришкендей, франциялык полиция Сен-Гратьен аймагындагы лицейди курчоого алып, окуучуларды сыртка чыгарышкан. "Аймакта полициянын жана "Тез жардам" кызматынын көптөгөн унаалары топтолгон. Бирок, чындыгында, ал жерде террорчу эмес, психикалык жактан оорукчан адам өз батиринде жашынып алып, адамдарды барымтага алуу жана жардыруу боюнча айтып кыйкырган. Кийин аныкталгандай, батиринде андан башка эч ким болгон эмес экен. Полиция кызматкерлери аны кармап алып кетишти",- деп айтылат маалыматтарда.

Эскерте кетсек, "бүгүн Франциянын борбору Париж шаарынын аймагында террорчулар жергиликтүү лицейлердин бирин басып алышты" деп чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Inna_91
2016-03-11 20:02:13
Жардыруу деп эле жалган создорду коп айтышат
-1
anykids
2016-03-11 20:25:25
Ушул психтер мусулмандарды жаман корсотуп буто турган болушту
+8
Rifle_3
2016-03-12 20:51:10
Париждин психтери эми боло баштаган го. Биздин каматам деген жылдызыбыздан дайын жок болуп жатат да.
0
murat_12
2016-03-13 02:27:17
жардыруу болсо жардыру болду дейта,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан