* Мындан 81 жыл мурун, 1935-жылы кыргыз жазуучусу, драматург Мар Байжиев Жалал-Абад шаарында туулган. КМУнун филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн, кийин Москвада Сценаристтердин жогорку курсунда окуган. "Кыргыз фильм" студиясында кабарчы, сценарий бөлүмүндө ага редактор, Маданият министрлигинде башкы редактор, "Литературная газета" гезитинде Кыргыз Республикасы боюнча кабарчы, В.И.Ленин атындагы балдар фондунун кыргыз бөлүмүндө төрага болуп иштеген.
1961-жылы анын "Кара курт" деген сатиралык аңгемелерден турган жыйнагы жарык көргөн. Кийин ал биротоло драматургия жанрына өткөн. "Эр жеткендер", "Дуэль", "Биз, эркектер...", "Ар бир үйдө майрам", "Күйөө жана колукту", "Байыркы жомок", "Алтынчы күнү кечинде", "Акыркы рейс" пьесалары жазылып, СССРдин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ийгилик менен коюлган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов 54 жаш курагында Ысык-Көл районундагы Ананьев айылында жүрөк оорусунан каза болгон.
Мурат Саралинов 1961-жылы 22-майда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьев айылында туулган. Ал 2003-2004-жылдары Ысык-Ата районунун акими кызматын аркалаган. Ал эми 2005-2006-жылдары КРнын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп иштеген. Эркин күрөш федерациясынын президенти да болгон. 2006-жылдын январь-март айларында КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин президентинин милдетин аткарган. 2013-жылдын апрель айынан 2014-жылдын март айына чейин Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болуп иштеген. Кезинде эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери болгон М.Саралинов Олимпиада комитетинде экинчи мөөнөткө 2014-жылы 16-июнда шайланган.
* Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы италиялык атактуу опера ырчысы Лучано Паваротти "Метрополитен-опера" театрында акыркы жолу ырдап, сахнаны биротоло таштаганын жар салган. Акыркы жолу 2006-жылы 10-февралда Туринде XX Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде ырдаган.
Ал 2007-жылы 6-сентябрда таңкы саат 5те Италиянын Модена шаарындагы өзүнүн үйүндө 71 жашында рак оорусунан улам көз жумган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы Швейцариянын Сьер шаарына жакын жерде окуучулар отурган автобус кырсыкка учураган. Автобуста болгон 52 адамдын 28и каза болуп, калгандары ар кандай жаракаттарды алышкан.
13-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.