Орусиянын Омск шаарында улуттар аралык жаңжалга жол ачкан көрүнүш орун алууда

Орусиянын Омск шаарындагы “Триумф” супермаркетине азиат түспөлүндөгү кардарларды киргизбей жатышат. Эшик тоскон күзөт кызматкерлери болсо мындай буйрукту аталган соода түйүндүн кожоюну бергенин айтышууда. Бул маалыматты "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы да ырастады. Ал эми Кыргызстандагы укук коргоочулар мындай көрүнүшкө Орусия бийлиги чара көрүшү керек деп эсептейт. Алардын бири Азиза Абдырасулова буларга токтолду: "Негизинен, бул Орусиянын укук коргоо кызматкерлери карап чыкчу иш. Аталган өлкөнүн Конституциясына ылайык, жеке менчик болобу, мамлекеттик болобу, улуттар аралык басмырлоого, бөлүүгө жол берилбеши керек. Ошондуктан эгер укук коргоо кызматкерлери билип кала турган болсо, тиешелүү чараларды колдонот деп ойлойм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан