Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 10-март күнү саат 20:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 45-чакырымында болгон. Анда Тойота Виндом үлгүсүндөгү унааны башкарган 25 жаштагы айдоочу жолдон Петровка айылынын 54 жаштагы тургунун сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам аял окуя болгон жерден каза болуп калган. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.