Баткен облусундагы көлмөлөрдүн биринен бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 12-март күнү саат 20:30 чамасында Кызыл-Бел айылынын көлмөсүнөн башына таш салынган пакет байланган адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин алкагында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаран 31 жаштагы Баткен облусунун Кара-Бак айылынын тургуну экени аныкталган. Аталган жаран бир ай мурун үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.