Чүй облусунда 15-21-март аралыгында айдоочулардын жол эрежесин бузуу боюнча 4828 факты катталды. Чүй ОИИБинин маалыматы боюнча алардын ичинен 2551 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдоо боюнча кармалса, калганы ар түрдүү эреже бузууларга барганы үчүн токтотулган. “Айдоочулар негизги эрежени так сактабагандыктан кырсыктардын саны өсүүдө. Мисалы, бир аптада эле коопсуздук курун тагынбоо боюнча 224, рулда бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү боюнча 155 айдоочу кармалды”,- дейт аталган мекеменин басма сөз кызматынан.