Өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы бир аптада 370 килограммдан ашуун баңгизатын колго түшүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы апта ичинде баңгизат менен байланышкан 6 кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз жүгүртүүдө жүргөн 378 килограмм 859 грамм баңгизат алынган. Кармалган товарлар төмөнкүдөй: 330 грамм гашиш, 893 грамм марихуана, 2 килограмм 186 грамм каннабис, 375 килограмм 450 грамм күкүрт кислотасы. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.