Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан базардын ичинен өрт чыкты. Анда 105 чарчы метр ачык аянтта жайгашкан жыгач ящиктерге салынган мөмө-жемиштер, жабылган клеёнка, чүпүрөктөрү менен кошо күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.