Польша өлкөсүнүн Быдгощ шаарында өткөн чуркоо боюнча дүйнөлүк чемпиондукта кыргызстандык Адилет Кыштакбеков 92-орунга ээ болду. Мелдешке 102 жөө күлүк катышып, Кыштакбеков 12 чакырым аралыкты 38 мүнөт 37 секундда басып өткөн. Ал эми 1-орунга кениялык жөө күлүк Жафет Корир ээ болду. Ал аталган аралыкты 32 мүнөт 45 секундда басып өткөн.