13-мартта Бишкек шаарында 4 жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 8 адам жабыр тартып, 5 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу 14-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Горький жана Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан 31 жаштагы адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле Салиева жана Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгон. Кырсыктан 5 адам жабыр тартып, анын ичинен 57 жаштагы, 65 жаштагы жана 32 жаштагы үч адам оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Андан сырткары 6-кичи райондо айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Ал дагы ооруканага жиберилген.